Радио

Хаитов: кургак учуктун белгилери аныкталаары менен дарыланып башташ керек

Координациялык кеңештин мүчөсү Дильшат Хаитов кургак учук оорусуна чалдыккандар алгач үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, анын берген багыты боюнча дарыланышы керектигин айтты.
Sputnik
Хаитов: кургак учуктун белгилери аныкталаары менен дарыланып башташ керек

Кургак учуктун белгилери аныкталаары менен дарыланып башташ керек. Ага маани бербей коюу оорунун өтүшүп кетишине алып келет. Мындай пикирин Дильшат Хаитов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ооруган жарандар бейтапканаларга үй-бүлөлүк дарыгердин берген багыты боюнча барганы ыңгайлуу болот.

"Тилекке каршы, жөтөлүү, түн ичинде тердөө сыяктуу белгилерге көпчүлүк адам маани бербей, жөнөкөй эле бир көрүнүш катары кабыл алып коюшат. Чындыгында мындай көрүнүш кургак учук оорсунун баштапкы белгилери болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн тердеп, жөтөөлөрүңүз менен үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек. Дароо эле бейтапканаларга жөнөгөндөн көрө өзүңүздүн жашаган аймактагы Фельдишердик-акушердик пункттарга барган туура болот", — деди Хаитов.

Ал кургак учук оорусун алдын алуу максатында жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келерин кошумчалады.