Хабибдин атасы: уулумду UFC уюмунан да катуу жазалайм

Атасы Абдулманап Нурмагомедов баласынын жүрүм-туруму спортчу үчүн жат көрүнүш деп эсептейт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Россиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов беттештен кийин ирландиялык Макгрегордун командасы менен чатакташканы үчүн уулун катуу жазалайм деп сөз берди. Бул туурасында Р-Спорт жазды.

Машыктыруучунун айтымында, командасындагы башкы талап — тартип. Андыктан бул жаатта баласына катуу чара көрө турганын айткан.

"Сен октагондо каалаган нерсеңди жасасаң болот. Бирок анын сыртында бала-чака, аял, деги эле сен билбеген адамдар отурат", — деген Нурмагомедов.

Ал ошондой эле Хабибдин жүрүм-туруму чыныгы спортчунун мүнөзүнө жат көрүнүш экенин айтып, UFC уюмунан артык жазалайм деген.

Конор Макгрегор жеңилгенден кийин үн катты
Кечээ Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин алкагында Нурмагомедов Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, наамын коргоп калган. Беттештен кийин Нурмагомедов ачуусу менен буга чейин эле намысына тийип жүргөн Макгрегордун спарринг-өнөктөшүн тордон секирип барып тээп-чаап жаңжал чыгарган. Мунун кесепетининен массалык мушташ чыгып полиция кызматкерлери Хабибдин үч кишисин камакка алган.

Маалымат жыйында Нурмагомедов эмнеге андай кадамга барганын түшүндөргөн.

Макгрегор болсо камалгандарга карата арыз жазуудан баш тартып, доомат койбой турганын билдирген.