БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Алардын кармашы UFC турниринин экинчи негизги беттеши болгон.
Фергюсон 26 жолу беттеш өткөрүп, үчөөсүндө жеңилип калган. Ал эми Петтис 21 ирет жеңишке жетип, жети жолу утулган. Алардын кармашынын бүйүр кызыткан ирмемдери UFC уюмунун Twitter баракчасына жайгаштырылды.
Комментаторлор беттеш триллердин элементтери камтылган тасмадай болгонун айтышты.
Чынында беттеш драмалуу болду, Петтистин колу сынып кетип судья беттешти токтотту.
Залда отургандар утулуп калган мушкерди сүрөөнгө алды, спортчу болсо жылмайган бойдон чыгып кетти. Ал эми Фергюсон толкунданганынан ыйлап жибергенин көрүүгө болот.