Москвадагы кыргыздар панкратион боюнча дүйнө чемпионатынан 18 медаль утту

Жалпы жонунан мелдешке 18 кыргызстандык чыккан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Москвада өткөн панкратион боюнча дүйнө чемпионатында 18 кыргызстандык спортчу байгелүү орундарды багындырды. Бул туурасында Кыргызстандын ММА жана панкратион федерациясынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Улан Кошматов билдирди.

1 / 4
Москвада өткөн панкратион боюнча дүйнө чемпионатында 17 кыргызстандык спортчу байгелүү орундарды багындырды
2 / 4
Аталган турнирге Россияда жашап жүргөн кыргыз спортчулары катышкан
3 / 4
Дүйнө чемпионаты 6-7-октябрь күндөрү өтүп, анда 19 мамлекеттин балбандары күч сынашты
4 / 4
Натыйжада кыргызстандыктар 18 медалга ээ болушкан.

Анын айтымында, аталган турнирге Россияда жашап жүргөн кыргыз спортчулары катышкан. Дүйнө чемпионаты 6-7-октябрь күндөрү өтүп, анда 19 мамлекеттин мушкерлери күч сынашты.

Кыргызстандык шахматчы кыздар дүйнөлүк олимпиададан алтын утуп кайтышты
Натыйжада кыргызстандыктар 18 медалга ээ болушкан. Арасында жаштар, өспүрүмдөр жана бир кыз бар. Атап айтканда 6 алтын, 3 күмүш, 9 коло медаль утушкан. Жалпы жонунан мелдешке 20 кыргызстандык чыккан болчу.

Ал эми жалпы командалык эсеп боюнча Кыргызстан 4-орунду ээлеген. Үчүнчүнү Азербайжан, экинчини Греция жана биринчи орунду Россия камсыздаган.

Кошматов ата мекендик спортчулар мелдешке Кыргызстандын ММА жана Панкратион федерациясынын колдоосу менен барганын кошумчалады.