БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Мушкер Актилек Жумабек уулу WEF турниринде Япониянын аралаш мушташ боюнча лигасынын чемпиондук наамы үчүн кармашат. Бул туурасында WEF федерациясынын Instagram тармагындагы расмий баракчасында айтылат.
Файткарддагы болжолдуу маалыматка ылайык, өлкө атынан Актилек Жумабек уулу, Самат Эмилбеков, Алтынбек Мамашев, Ариет Бекишев өңдүү мушкерлер катышат.
Чемпиондук наам үчүн Актилек Жумабек уулу бразилиялык Маргос Соуза менен беттешет. Соуза ARZALET FGC уюмунун учурдагы чемпиону. Мушкерлер жеңил салмакта (77 кг) күч сынашат.
"Актилек WEF Global уюмунун чемпиону. Андыктан утулган учурда наамынан ажырабайт. Себеби чет элдик лиганын биринчилиги үчүн ат салышып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Жумабек уулу ММА чөйрөсүндө 12 ирет утуп, беш жолу утулса, атаандашы Соуза жети мелдеште тең жеңилүү ызасын тарткан эмес.