Президент Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктады

Мамлекет башчылары телефон аркылуу байланышты.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Жээнбеков телефон менен байланышып, Россиянын президентин куттуктап, ага алдыга койгон пландарын ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Андан сырткары, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, ноябрда Астанада өтө турчу ЖККУнун жамааттык коопсуздук боюнча Кеңешинин кезектеги сессиясы жөнүндө сүйлөштү.