Нурмагомедов: Путин чалып куттуктап, сыймыктанарын айтты

Россиянын президенти Владимир Путин футбол боюнча дүйнө чемпионатында Конор Макгрегор менен жолугуп, аны менен сүрөткө түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу куттуктаганын билдирди.

Россиялык Нурмагомедов бүгүн UFC 229 турниринин алкагында ирландиялык Конор Макгрегорду утуп алган болчу.

Ал маалымат жыйында күйөрмандардын суроосуна жооп берип жатып президент Путин куттуктаганын билдирди. 

"ЖМКлар Конордун Путин менен түшкөн сүрөтүн талкуулап келет. Ал мага бүгүн чалып, сыймыктана тургандыгын айтып, куттуктады", — деди мушкер.

Ал ошондой эле беттештен кийинки кылыгы үчүн күйөрмандардан кечирим сурады.

Хабибге эмне үчүн дароо кур тагылган жок? Беттештен кийинки жаңжалдын себеби
"Мен өзүмдү үлгүлүү жагынан көрсөтпөгөнүмө өкүнөм. Бирок диниңе, ата-энеңе, жеке беделиңе шек келтирген адамдарды эмне кылуу керек? Ал (Конор) аз жерден автобустагы жаңжалында киши өлтүрүп кое жаздабады беле. Эмнеге анын кылыгынан да меники мынча талкууланып жатат? Бүгүн ал утулду, кур менде. Бардыгыңыздардан кечирим сурайм. Эми атаман да тил уксам керек", — деди Нурмагомедов.

Эске сала кетсек, Нурмагомедов Макгрегорду утаары менен октагондон секирип жаңжал чыгарган.