Хабиб Конордун айласын кетиргенде. Кармаштын жана андан кийинки жаңжалдын видеосу

Беттештен кийин октагондон тышында массалык жаңжал болуп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегорду беттештин төртүнчү раундунда муунтуу (үстүнө чыгып моюн туштан кармаган) ыкмасын колдонуп утуп алган.

Хабибге эмне үчүн дароо кур тагылган жок? Беттештен кийинки жаңжалдын себеби
​Мелдеш UFC 229 турниринин алкагында Лас-Вегаста өттү. Бул америкалык уюмдун тарыхындагы эң ири кармаш болду. Билеттер чыккан күнү үч минутага жетпей сатылып кеткен.

Кармаштын көбү күрөшүү менен өттү. Бирок күйөрмандар мындай беттешке караганда турнирден кийинки жаңжал кызыктуу болгонун кеп кылышкан. Нурмагомедов Макгрегорду уткандан кийин октагондон секирип чыр чалган. Көп өтпөй окуянын чоо-жайы белгилүү болду.