Түштүк магистралдагы тротуар менен веложолдун курулушу күчүндө. Видео

Муниципиалитет курулуш иштери 1-ноябрга чейин бүтүрүлө турганын убадалады.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкектин Түштүк магистралында тратуар жана веложол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Мэриянын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча адиси Жибек Каракеева жеринен видео тартып өздүк баракчасына жүктөдү.

Анын айтымында, "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жумушчулары эртеден кечке тынымсыз иштеп жатат.

"Азыркы тапта иштин 70 пайызы соңуна чыгып калды. 1-ноябрга чейин толугу менен бүтүрөбүз", — деп жазган ал.

Бишкектин оңдолгон бир нече көчөсү ачылат. Сүрөт
Түштүк магистралдын эки тарабына тең жөө адамдар үчүн жол курулуп, Байтик баатыр көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин созулат. Жалпы узундугу 7 чакырымды түзөт. Ага катарлаш магистралга велосипед тебүүгө ылайыкталган жол ачылат. Эки чети жарыктандырылып, 200 отургуч жана 400 даана таштанды челек коюлат. Мындан сырткары, Ала-арча дарыясынын үстүнө жөө адамдар өтүүчү эки көпүрө курулат.