Ош шаарында үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борбору ачылды

Борбордо 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо мектебинин базасында Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фондусунун жана Кыргызстандагы "Гуд Нейборс Интернешнл" эл аралык гуманитардык уюмунун техникалык колдоосу менен балдарга ар тараптан жардам берүүчү күндүзгү борбор ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

1 / 4
Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо мектебинин базасында Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фондусунун жана Кыргызстандагы "Гуд Нейборс Интернешнл" эл аралык гуманитардык уюмунун техникалык колдоосу менен балдарга ар тараптан жардам берүүчү күндүзгү борбор ачылды
2 / 4
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо жана эл аралык гуманитардык уюмдун Кыргызстандагы директору Чжун Хонг Су катышкан
3 / 4
Борбордо турмуштун оор кырдаалына, зордук-зомбулукка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык-психологиялык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлөт
4 / 4
Борбордо 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо жана эл аралык гуманитардык уюмдун Кыргызстандагы директору Чжун Хонг Су катышкан.

"Борбордо турмуштун оор кырдаалына, зордук-зомбулукка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык-психологиялык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле бала багып алгысы келген үй-бүлөлөргө да жардам берилет", — деп айтылат маалыматта.

Борбордо 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.