БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кыздар Шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль утушту. Бул туурасында Кыргызстандын Шахмат федерациясынан билдиришти.
Турнир Грузиянын Батуми шаарында сентябрдын аягында башталып, кечээ 5-октябрда аяктады. Ага жалпы жонунан кыз-келиндердин 150 командасы катышкан.
Кыргызстандыктар өз тобунан эң көп упай алып (11 турдан 13 упай) алтын медаль тагынышкан.
Ата Мекендик шахматчылардын курамы:
— Бегимай Замирбек кызы;
— Диана Өмүрбекова;
— Александра Самаганова;
— Шаадат Момуналиева;
— Зарина Усупбекова.