Кичинекей кезимде апам мени бейтапканага кантип алып барганын жакшы билем. Мындай күндөр өзгөчө болоор эле. Мага жуулган жаңы кийим кийгизип, чачымды жакшылап тарагандан кийин жөнөп кетчүбүз.
Бейтапканадай эң таза, тыкан жер жоктой сезилер эле.
Ак халатчан дарыгерлер, дарынын жыты, ирети менен коюлган карточкалар… Сүйдөп да кетесиң. Дарыгер сени олуттуу карап, бир нерселерди тез жазып берет. Ошондо мага медицина бул эң таза нерсе катары таасир калтырчу.
Кызды чечиндире баштадык, эми көзүң жамандыкты көрбөсүн. Биологиялык суюктуктар жүрөк айланткан жытка аралашып калыптыр. Ал жыт азыркыга чейин эсимде. Кыз бир саамга гана көзүн ачып, "ажатканага барсам болобу?" деп сурады. Уруксат берген жокпуз, ал аябай алсыз эле.
Эртең менен анализдердин жыйынтыгы чыкты, толгон токой оорусу бар экен. Улуу дарыгерлер "Колкап кийип карадың беле? Текшерип жатканда бир жериңди тилип алган жоксуңбу?" деп сурап жатышты.
Ал окуя кайгылуу аяктады, бейтап ооруканадан качып кетти. Ооба, мындай учурлар көп эле болот. Атургай кээде оорулуулар жылаңач бойдон кетип калат. Кийин ал кызды милиция да издеди окшойт.
Өзүңөр көрүп тургандай биз жийиркенчээк эмеспиз. Адам кандай абалда болсо дагы жардам берүүгө даярбыз. Анткени оору адамды мусапыр кылып коет. Мисалы, табарсыгы кармабай калган кишилерге дарыгерлердин аябай боору ооруйт.
Айрым кишилер өзү үчүн болбосо дагы доктурга барарда тазаланып алайын деп ойлобойт. Бир жолу колуна кишен салынган баланы алып келишти. Ичип алып апасын сабаганы үчүн тергөө абагына түшүп калыптыр. Ал жерде түнөгүсү келбей, башы менен тамды бир сүзгөн экен, жараатын тиктиргени бизге алып келишти. Ошол учурда бизде аябай тыкан, кабинетти улам-улам сүрүп-тазалап, колунан аарчыгычы түшпөгөн санитар эже иштечү. Тиги бала аппапак кездеме төшөлгөн кушеткага көлөчү менен чыгып кеткенде, эже кубарып кетти. Оорулууну алдап-соолап көлөчүн чечтирип, бирок ошол замат өкүнүп калдык. Бутунун сасык жытынан кабинеттегилердин көзү ачышып чыкса болобу.
Санитар эже менен милиционер чыдабай эшикке чыгып кетишти. Карасам медайымдын дагы өңү кубарып араң турат. Мага жардам керек үчүн гана чыдап турганын билдим.
Бөлмөгө кайрадан милиционер кирди. Ал ары жактан желим мээлей менен беткап алып тагынды да акырын көлөчтү тартып бейтаптын бутуна кийгизди. Андан соң "эже, анын көлөчү менен эле жатканы жакшыраак экен" деп баш чайкады.
Урматтуу бейтаптар, ооруканага келээрден алдында этек-башыңарды тазалап алгылачы! Мончого барып, өтө эле болбой баратса душка кирип бир чайканып келгилечи. Таза жана тыкан кийингиле. Анан да тишиңерди жууганды унутпагыла. Күн сайын таза жүрсөңөр эч ким кой дебейт. Дагы бир кеңешим: дарыгерге келе жатканда ачкарын, ашказаныңарды бош алып келгиле, балким анализ тапшыруу керек болуп калар.
Эркингүлдүн иши, жашоосу тууралуу баяндалган материалды да сөзсүз окуп коюңуз.