Бишкектин “Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңип алды

Бул жеңиш клуб үчүн рекорддук көрсөткүч.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкектин “Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңип алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. 

Кыргызстандык футболчулар Азия кубогу учурунда кандай шартта машыгат. Сүрөт
Финалдык оюн борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. “Дордой” Оштун “Алай” курамасы менен кез келип 3:2 эсебинде жеңишке жетти. 

Шаардык команда өткөн жылы да Кыргызстандын кубогун жеңип алган, бул клуб үчүн рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. 

Кыргызстандын кубогу — Топ-лигадан кийинки маанилүү турнир. 

Кубоктун ээлери (1992-2018):

— "Дордой" — 10;
— СКА-ПВО — 7 раз;
— "Абдыш-Ата" — 4;
— "Алга" — 2;
— "Ак-Марал" — 1;
— "Семетей" — 1;
— "АиК" — 1;
— "Алай" — 1.