Бишкекке жакын жерде өрт чыгып, жеринде өрт өчүрүүчү 2 унаа иштеп жатат. Сүрөт

Тилсиз жоо тууралуу маалымат ӨКМдин өрткө каршы кызматына саат 23.00дө түштү.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкектин түштүк-батыш тарабында ири өрт чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу күбө билдирди. 

ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнөн билдиришкенине караганда, Аламүдүн жана Сокулук райондору чектешкен аймактагы тоонун бетинде кургак чөп күйүп жатат. 

Тилсиз жоо тууралуу маалымат ӨКМдин өрткө каршы кызматына саат 23.00дө түштү. Жеринде өрт өчүрүүчү эки унаа иштеп жатат. 

1 / 2
Бишкектин түштүк-батыш тарабында ири өрт чыкты
2 / 2
ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнөн билдиришкенине караганда, Аламүдүн жана Сокулук райондору чектешкен аймактагы тоонун бетинде кургак чөп күйүп жатат.