Бишкекте Ботаникалык бактан өрт чыкты. Күбөнүн сүрөтү

ӨКМге өрт тууралуу маалымат саат 19.50дө келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Бишкектин 12-кичи районунда жайгашкан Ботаникалык бактан өрт чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналындагы “Бишкек Сегодня” тайпасынын колдонуучулары билдирди. 

Пожар в Ботаническом саду

Күбө Ботаникалык бак жактан түтүн чыгып жаткан сүрөттү кошо жиберген. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо Ботаникалык бакта өрт чыкканы тууралуу маалымат саат 19.50дө түшкөнүн маалымдап, бир өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткенин маалымдады. 

Алдын ала маалымат боюнча куураган чөп күйгөн.

Кошумча маалымат берилет.