Айтматовсуз дүйнөлүк маданият бөксөрө түшөт. Жээнбеков улуу жазуучу тууралуу

Жазуучу чыгармаларында негизинен кыргыз элинин турмушун жазып, ааламга кыргыз образын, кыргыз мүнөзүн, кыргыз дүйнө таанымын жеткирген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов мезгилдин руханий компасы катары дайыма келечекке жол көрсөтүп турарын Бишкекте өтүп жаткан "Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары" деп аталган Ысык-Көл эл аралык форумунда билдирди.

Айтматов салып кеткен чыйыр. "Ысык-Көл форуму" тууралуу 10 факты
Белгилей кетсек, бул иш чара 4-7-октябрь күндөрү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтөт.

Жээнбеков залкар жазуучу чыгармаларында негизинен кыргыз элинин турмушун жазып, ааламга кыргыз образын, кыргыз мүнөзүн, кыргыз дүйнө таанымын жеткиргенин айтты. Аны менен катар кыргыздын жашоосу аркылуу жалпы эле адамзаттын тилегин, кубанычы менен көз жашын айткан жазуучу болгонун кошумчалады.

"Кыргыз элинин гениалдуу уулу кичинекей айылдан сапарга аттанып, кең ааламга канатын какты. Космос мейкиндигине, мухит тереңине, тарых сересине ой чаргытты. Дүйнөлүк маданияттын асманында жаркырап жанган жылдыз болду. Технократтык идеяларга ашкере берилип кеткен, асылдык менен аруулуктан кол жууп бараткан адамзатка нечен кур эскертүүлөрүн жасады. "Планетаны сактагыла, Жер-энени ыйык туткула!" деп ар дайым мурасын айтып, осуятын табыштап жүрүп өтүп кетти, Чыңгыз агабыз! Айтматов айткандай "Баарыбыз бир кайыктабыз, биздин алдыбызда улуу космикалык мухит". Адамзат кайыгын бул мухитте чайпалтпай, дүйнөнү сактап калууну табыштады", — деди өлкө башчысы.

Жээнбеков, андан сырткары, Айтматов адабияттын гана өкүлү эмес, ойчул, философ, гуманист экенин, Айтматовсуз дүйнөлүк маданият толук болбой, бөксөрө түшөрүн белгиледи.

Жээнбеков: "Ысык-Көл форуму" мезгилдин чакырыктарына жаңычыл жооп сунуштаган
"Улуу жердешибиз улуттук гана руханий лидер болбостон, планетардык масштабтагы интеллектуалдык элитанын, дүйнөлүк акылмандардын катарын толуктап турат", — деди Жээнбеков.

Аталган форумдун Бишкектеги бөлүгү КР президентинин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болуп, иш-чаранын башталышында Чыңгыз Айтматов тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Жыйындын башында сөз сүйлөгөн вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын билдиришинче форумга 25 мамлекеттен 150дөн ашык киши келген.