Путин: дүйнө Айтматовдун руханий мурасына муктаж

РФ президенти Чыңгыз Айтматов кандай болгонун айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларына кат жолдоду. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Чыңгыз Айтматов жана заман чакырыктары" форуму жума күнү, 5-октябрда, Бишкекте ачылды.

Айтматовсуз дүйнөлүк маданият бөксөрө түшөт. Жээнбеков улуу жазуучу тууралуу
Путин жолдогон катында улуу жазуучу, ойчул, коомдук ишмер жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган форум дүйнө элин бириктиргенин белгилеген.

"Чыңгыз Төрөкуловичтин руханий байлыгы дүйнө элине керек. Анын даанышмандыгы, гумандуулугу канчалаган адамдарга дем берип келет", — деп айтылат катта.

Ал ошондой эле форумдун катышуучулары кызыктуу жана маанилүү талкуу күтүп жатканын белгилеп, бардыгына ийгилик каалап кеткен.