Ордолуу Ошко 3018 жыл! Шаар тууралуу 10 факты

Мындан 18 жыл мурун Оштун 3000 жылдыгы белгиленип, иш-чара мамлекеттик деңгээлде өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош калаасы бүгүн, 5-октябрда өз күнүн белгилейт. Sputnik Кыргызстан агенттиги үч миңден ашуун тарыхы бар шаар тууралуу кызыктуу 10 факты сунуштайт.

1. Болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн. Кокон хандыгы кулатылгандан кийин 1876-жылы шаар деген расмий макам алган. 

Архивные кадры ко дню города Ош

2. Калаа тууралуу маалымат 9-кылымга таандык араб булактарында айтылат.

3. Ош шаары туурасындагы уламыштарда дүйнөлүк тарыхтын эки каарманы — Сулайман (байыркы израилдик Соломон падыша) жана Искендер Зулкарнайн (грек башкаруучусу Александр Македонский) камтылат. 

На вершине горы находится однокамерная мечеть Тахт-и-Сулейман, или, как ее называют в народе, дом Бабура

4. Сулайман тоонун так жана толук аталышы — "Сулайман тактысы". Шаардын чок ортосунда жайгашып, экинчи Мекке деген бейрасмий аты бар.

5. Калаанын аталышынын жаралыш тарыхы туурасында окумуштуулар да бир пикирге келише элек. Бирок эл арасында Сулайман падыша алгач келгенинде "хош" шаар деп баалагандыгы, ошондон улам кыргызчаланып Ош деп аталып калганы айтылат. Бул сөз түрк тилинде "кооз, сонун" деген мааниде. Ошондой эле азыркы Ош шаары жайгашкан жерде биздин доорго чейинки I кылымда Даван мамлекетинин Гуйшан деген баш калаасы болгон. Ош калаасы ошол шаардын аталышынан да калган болушу ыктымал. 

Ажайып Кыргызстан: ыйык Сулайман-Тоо

6. Шаар байыркы заманда чеп менен курчалып, үч дарбазасы болгон. Жер ортолук деңизди, Жакынкы Чыгышты, Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган Улуу Жибек Жолунун ири соода борбору болгон.

7. Деңиз деңгээлинен 870-1110 метр бийиктикте жайгашкан. 

Вид на современный город Ош

8. Тургундардын расмий саны — 275 800. Анын ичинен шаарда 260 миң, айылдарда 28,8 миң, калаанын чет жакасындагы тургундарды кошкондо 500 миңден ашат. Шаарда 12 аймактык кеңеш, 1 айылдык аймактык башкармалык бар. Айтмакчы, байыркы Гуйшан шаары да эң жыш жайгашкан калаалардан болгон экен. Бардыгы 288,8 миң.

9. Ош шаарынын ордени да бар. Мындан туура 18 жыл мурунку туулган күнүндө "Данакер" орденин "тагынган". Мамлекеттик сыйлык өлкөнүн экинчи борборуна 2000-жылдын 4-октябрында президенттин атайын буйругу менен берилген. 

Праздничный Айт-намаз в Оше

10. Ош шаарына "бир тууган" калаалар болуп Россиянын Санкт-Петербург, Новосибирск, Кытайдын Үрүмчү, Синин, Ланчжоу, Фошан, Түркиянын Стамбул, Маниса, Йозгат, Амасья, Самсун, Тажикстандын Худжанд жана биздин өлкөдөн Каракол шаары саналат.