Радио

Давлеталиева: мугалимдердин статусу түшүп кетти

"Жылдын мыкты мугалими 2018" наамынын ээси Элмира Давлеталиева коомчулук тарабынан мугалимдерге жасалган мамиле өзгөрүп кеткенин айтты.
Sputnik
Давлеталиева: мугалимдердин статусу түшүп кетти

Тилекке каршы, мугалимдердин статусу түшүп кетти. Мындай пикирин Элмира Давлеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин статусу жогоруласа жаш кадрлар да көбөймөк.

"Мугалимдердин статусу түшүп калгандай. Коомчулук тарабынан мугалимдерге болгон мамиле да өзгөрүп кетти. Чындыгында мугалим болуу ары оор, ары жоопкерчиликтүү кесип. Бүгүнкү күндө жаштар биринчиден мугалимдик кесипти аркалагандан коркушат, экинчиден экономикалык себептерге байланыштуу өз кесиби боюнча иштөөнү каалашпайт. Эгер өзүнүн сабагын жакшы өздөштүрүп, келечекте мыкты кадрларды даярдап чыгарам десе жаштар коркпой эле келип иштей берсе болот", — деди Давлеталиева.

Ал эфир учурунда Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлүнө мугалимдерге социалдык жеңилдиктерди кароону сунуштады.