Радио

Рыскулов: кара өрүк сатып алчулар Кыргызстанда ящик жок деп келбей коюшту

Соода-өнөр жай палатасынын Таластагы өкүлү Рамис Рыскулов аймактын дыйкандары айыл-чарба продукцияларын экспорттоодо кыйналып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Рыскулов: кара өрүк сатып алчулар Кыргызстанда жашик жок деп келбей коюшту

Россиялык ишкерлер жылда кара өрүк сатып алыш үчүн келишчү. Быйыл аны салып кеткенге жашиктер жоктугуна байланыштуу келбей коюшту. Бул тууралуу Рамис Рыскулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө талапка жооп берген сапаттагы мөмө-жемиштерди салуучу жашиктерди чыгарган бир гана ишкана бар.

"Талас эли төө буурчактан сырткары кара өрүк да көп тигет. Биздеги кара өрүктүн сорту жакшы болгондуктан, жыл сайын Россиядан, Казакстандан келип 40-45 сомдон сатып алып кетишчү. Быйыл ал фирмалар келбегендигине байланыштуу кара өрүктүн баасы 10 сомго түшүп кетти. Таластан кара өрүк алып иштеген россиялык ишкер менен сүйлөшсөм "силерде ящик чыгарган бир эле ишкана бар. Алыш үчүн бир ай кезек күтүш керек. Мындан биз көп чыгым тартып калабыз" деди. Мамлекет тарабынан дыйкандарга продукцияларын экспорттоо боюнча көмөк көрсөтүлсө жакшы болот эле", — деди Рыскулов.

Ал ошондой эле учурда төө буурчактын баасы 35-40 сомдон сатылып жатканын, бул дыйкандар үчүн арзан баа экенин кошумчалады.