БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин быйыл тынчтык жаатында Нобель сыйлыгын алышы мүмкүн. Бул тууралуу Time журналы жазды.
Түндүк Кореянын лидери менен Түштүк Кореянын лидери Корей жарым аралындагы өзөктүк куралды жок кылууга болгон аракети үчүн алышы мүмкүн. Ал эми Трампка бул сыйлык тарыхта биринчи жолу АКШ менен Түндүк Кореянын саммитин жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн берилиши ыктымал.
Белгилей кетсек, 1-октябрдан тарта Нобель жумалыгы башталып, бул сыйлыкка татыктуу болгондордун аттары аталып баштады. Учурда физиология, медицина жана физика боюнча сыйлыкка татыгандардын ысымдары белгилүү боло баштады.
Сыйлыкты расмий тапшыруу аземи 10-декабрда Стокгольм шаарында өтүп, Швециянын падышасы Карл XVI Густав тапшырат.