БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет Кыргызстанда 2013-жылдан тарта шараптан башка алкоголдук ичимдиктерди сатуунун көлөмү кыйла төмөндөп кеткенин билдирди.
Аталган мекеме 2013-2017-жылдар аралыгындагы сатып алуулардын статистикасын түзгөн.
Ага ылайык, спирт ичимдиктери менен сыранын "гүлдөгөн" учуру 2014-жылга туура келет. 2013-жылдан бери карай алганда шарапка гана суроо-талап күчөгөн.
Элдин алкоголдук ичимдиктерге кызыгуусу эмнеге төмөндөп кеткени түшүндүрүлгөн эмес.