Радио

Исмаилов: IT адистерин даярдоодо мугалимдер жетишпей жатат

Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов өлкөдө IT адистерине талап күч болгону менен бүтүрүүчүлөрдүн бул кесипке кызыгуусу начар экендигин айтты.
Sputnik
Исмаилов: IT адистерин даярдоодо мугалимдер жетишпей жатат

IT адистерин даярдоодо мугалимдер жетишпей жатат. Ал эми жогорку окуу жайды жаңы бүткөн жаш кадрлардын көбү окутуучу болуп калгысы келбейт. Мындай пикирин Алтынбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул адистикке ээ болууну каалап, ЖОЖго тапшырган студенттердин 50 пайызы окуусун бүтүрбөй таштап салууда.

"Мындан 6-7 жыл мурда өлкөдө 500 IT адиси бар десе, абдан көптөй сезилчү. Азыр бул көрсөткүч өтө аз. Учурда бардык тармак компьютерлештирилип жаткандыктан бул кесип ээлерине болгон талап да күн санап өсүүдө. Бирок, тилекке каршы, керектүү кадрларды даярдап берүүгө биздин ЖОЖдордо мугалимдер жетишпейт. Окуу системасы да эски болгондуктан, студенттердин кызыгуусун арттыра албай, IT адиси болом деп келген жаштардын 50 пайызга жакыны окуусун таштап же башка факультеттерге которулуп кетишүүдө", — деди Исмаилов.

Ал IT адистигине даярдоочу мугалимдердин билимин жогорулатуу жана санын көбөйтүүнү мамлекеттик деңгээлде чечүү зарылдыгын кошумчалады.