Суданда эки учактын кагышкан учуру видеого түшүп калган

Видеодон кырсыктан эки учак тең бир топ жабыркагандыгын байкоого болот.
Sputnik

Кудай сактады! Ошто учак абага көтөрүлө электе дөңгөлөгү жарылды. Сүрөт
Интернетте Судандын Хартума аэропортунда аскердик аба күчтөрүнүн Ан-32 жана Ан-26 учактарынын кагышкан видеосу тарады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Жазылып калган видеодо көрүнүп тургандай, учактардын бири экинчисинин артынан катуу баратып сүзүп калган. Эки учактын тең бир тилкеде баратканын көрүүгө болот.

Кырсыктан эки учак тең бир топ жабыркаганы айтылат.

Sudan Tribune порталынын маалыматына ылайык, кырсыктан улам Хартума аэропорту бир нече саатка жабылган. Ал эми Судандын аскердик аба күчтөрү жалпы окуя боюнча, жабыркагандар тууралуу маалымат берген эмес.