Шайназаров: депутаттарды жетекчилик кызматка койгула, алар пара алганды билбейт

Эл өкүлү Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын ичинде күчтүү экономисттер бар экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров парламенттин жалпы жыйынында ар түрдүү маселелер каралып жаткан учурда өкмөт кадр саясатын жүргүзүүдө ишти билген адистерге басым жасашы керектигин айтып, депутаттарды да кызматтарга тартуу керектигин белгиледи.

Эл өкүлү Башкы прокуратуранын эски ордун сквер кылууга каршы чыкты
"Жогорку Кеңеште 120 депутат бар. Алты фракциянын ичинде тактыктуу, күчтүү кадрлар бар. Эмне үчүн аларды чоң кызматтарга тартпайсыздар? Министрликтерге, кызмат, комитеттерге, облус, шаар жетекчилигине тарткыла. Себеби арабызда күчтүү экономисттер бар. Алар өздөрүнүн ак эмгеги менен завод, фабрика куруп миңдеген кишини иш менен камсыз кылып, бүгүнкү күнү бюджетке салымын кошуп, салык төлөп келе жатат. Менин оюмча алар биринчиден уурдабайт, себеби кудайга шүгүр адамдар. Алар өмүр бою бизнесте жүрүп экономиканы көтөрүп, пара алышты деле билбейт, ачык айтканда", — деди депутат.

Шайназаров энергетика тармагын мисал келтирип, бул тармакты такыр башка кишилер башкарып жатканына токтолду.

"Энергетика тармагында иштегендердин орун басарынын бирөө тигүүчүлүк тармагында иштесе, бирөө мугалим, дагы бирөө "Кока-Колада" иштептир. Анын кантип энергетика тармагын көтөрөбүз?" — деп депутат суроо салды.

Эл өкүлү мындай мисалдар башка министрликтерде дагы бар экенин айтып, андыктан өкмөт кадр саясатына жакшы көңүл бурса деген пикирин билдирди.