Бишкектин оңдолгон бир нече көчөсү ачылат. Сүрөт

Мэриянын маалыматына караганда, быйылкы жылга пландалган көчөлөрдү оңдоо боюнча иштердин 96 пайызы бүткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 4 окт. — Sputnik. Учурда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ремонт иштери аягына чыгып, ачылуу алдында турат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

1 / 6
Учурда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ремонт иштери аягына чыгып, ачылуу алдында турат
2 / 6
Учурда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ремонт иштери аягына чыгып, ачылуу алдында турат
3 / 6
Учурда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ремонт иштери аягына чыгып, ачылуу алдында турат
4 / 6
Учурда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ремонт иштери аягына чыгып, ачылуу алдында турат
5 / 6
Учурда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ремонт иштери аягына чыгып, ачылуу алдында турат
6 / 6
Учурда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ремонт иштери аягына чыгып, ачылуу алдында турат

Билдирүүгө ылайык, быйылкы жылга пландалган көчөлөрдү оңдоо боюнча иштердин 96 пайызы аткарылып бүткөн.

Бишкектин батышындагы үйлөр түрттүрүлөбү? "Башкыархитектуранын" жообу
Тоголок Молдо көчөсүндө жол чийиндери чийилип, учурда анын Жибек Жолунан Саадаев көчөсүнө чейинки бөлүгү ремонттолуп жатат. Жол белгилери коюлуп, тротуар, арыктары жасалып, унаа өтүүчү жер кеңейтилген. Азыркы маалда жөө адамдар өтчү жери жасалып бүтүп калганы айтылат. Ал эми Дооронбек Садырбаев (мурунку Бах) көчөсүнө жол чийин түшүрүлүп бүтүп калды.

Мындан сырткары, Малдыбаев көчөсүнүн батыш тарабындагы Түштүк магистралга кетүүчү бөлүгүндө да ремонт иштери аягына чыгуу алдында турат.

Шаардын жогору жагындагы Токтоналиев көчөсүндө кошумча түтүктөр коюлса, Түштүк магистраль асфальттанып жатат. Ушундай эле иштер 7-апрель, Бөкөнбаев көчөлөрүндө да уланууда.

3-октябрда Үмөталиев (мурунку Свердлов) көчөсүндө төшөлгөн асфальтбетондун үстүнө дагы бир катмар төшөлө башталган.