Бишкекте кийими өрттөнүп кеткен курулушчунун абалы оор

Эркек кишинин денесинин 70 пайызы күйүп калган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкектеги 7-кичи райондо курулушчунун кийими өрттөнүп кеткенин окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кырсык 3-октябрь күнү саат 10.20да №26 үйдүн жанында болгон.

"Жумушчу кабелдин жанында траншея казып жаткан маалда ток урган. Зымдар тийишип кетип, тырс эткен үн угулду. Андан кийин кийими өрттөнүп жатканын көрдүк. Кыйкырып жерде оонап жатты. Өрттү өчүрүп, жабырлануучуну менчик унаага отургузуп алып кетишти. Кырсыктан улам үйдүн жарыгы өчүп калды", — деди күбө.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан жабырлануучунун денесинин 70 пайызы күйүп, оор абалда экенин айтышты.