Кара-Балтада үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты

Учурда өрттүн себеби такталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Чүй облусундагы Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, 46 жаштагы тургун иске ууланып каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бөлмөдөгү 4 чарчы метр жер күйүп, пол жана төшөнчүлөр өрттөнгөн.

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилип, кырсыктын себеби такталууда.