БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Борбор калаада "Гаджетсиз жашоо" аттуу стол оюндарынын экинчи фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Фестиваль 7-октябрда 17:00дөн 21:00гө чейин Bishkek Park соода борборунда болот.
Эске салсак, мындай фестиваль жаз айында уюштурулган.
Иш-чаранын алкагында 40ка чукул стол оюндарынын түрлөрү болуп, ар кыл курактын өкүлдөрүнүн башын бириктирмекчи.
Уюштуруучулардын айтымында, фестивалда ар кандай сынактар өткөрүлүп, стол оюндарынын логикалык, экономикалык, карта сыяктуу түрлөрү көрсөтүлөт. Ошондой эле тасма жана китептерден алынган, чоң компания жана кечелерде уюштурууга ылайыктуу оюндардын түрлөрү да болмокчу.
Чеберлер жаңы келгендерге стол оюндарынын дүйнөсүн ачып, ар кандай мастер класстарды өтөт.