БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабындагы бир кабаттуу үйлөр эмне болорун "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башчысы Замира Кангелдиева айтып берди.
Мэриянын маалыматына караганда, бул жерге бештен 15 кабатка чейинки турак үйлөр, унаа токтотуучу жайлар жана балдар аянтчалары курулат. Ошондой эле 220 орундуу үч бала бакча куруу каралып жатат.
Муниципалитет долбоорду коомдук талкууга алып чыкты.
Кангелдиеванын айтымында, тургундар эртең эле техника келип, турган үйлөрдү бузуп салат деп тынчсызданбай эле койсо болот. Анткени курулуш долбоору азырынча бекитиле элек.
"Учурда план биздин сайтка жарыланды. Аны менен ар бир каалоочу тааныша алат. Жакында биз Ленин райондук администрациясында талкуу өткөрүп, жарандардын оюн жана сунуштарын угабыз. Андан соң аларды эске алуу менен долбоордун акыркы варианты бекитүүгө жиберилет. Буга бир нече ай кетиши мүмкүн", — деди ал.
Кангелдиева кошумчалагандай жерлерди ээлеринен сатып алуу маселеси качан жана кандай жол менен чечилери азырынча белгисиз.
"Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестор тартуу керек. Качан гана каражат маселеси чечилгенде жерди ээсинен сатып алуу жагы каралат", — деди адис.
Маалыматка караганда, долбоор башаламан курулуштун алдын алуу үчүн иштелип чыкты. Салына турган ар бир үй муниципалитет даярдап берген планга жооп бериши шарт.