БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 9 жашар баланын өлтүрүлүшү боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
9 жашар баланын сөөгү Чолпон-Ата шаарынын четинен табылган. Алдын ала маалымат боюнча аны муунтушкан. Сот-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
"Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактады, бирок алар кармала элек", — деп милициядан маалымдашты.
Буга чейин укук коргоо органдарындагы булак милиция кызматкерлери шектүүлөрдү автоунаанын дөңгөлөгүнүн изи менен аныкташканын билдирген болчу.