Саркулов инспектор куткарган балдар видеодон эмнеге көрүнбөй калганын айтты

1-октябрда Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинен автоинспекторду маршрутка коюп кеткен. ЖКККББнын ырасташынча ал балдарды куткарып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов инспектор балдардын коопсуздугун камсыз кылам деп жол кырсыгына кабылганын билдирди.

Жол кырсыгы 1-октябрда Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде болгон. Инспектордун өнөктөшүнүн айтымында, ал жөө кишилер өтө турчу жерден окуучуларды өткөрүү үчүн айдоочуларга эскертүү берүү үчүн жолдун ортосуна чыккан.

ЖКККББнын маалымат кызматы тараткан видеодо жөө кишилер өтө турчу жерден окуучулар менен чоң кишинин чуркап чыга калып, маршруткага урунганын көрүүгө болот. Социалдык тармактын колдонуучулары окуучуларды көрбөгөнүн жазышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Саркуловдон видеодо эмне үчүн балдар эмес инспектордун чуркап чыга калганы көрүнүп турганына кызыгып суроо берди.

"Биз айдоочу жана мугалим менен сүйлөштүк. Жол кырсыгы балдар окууга бараткан учурда болгон. Ал коопсуздукту камсыздоо үчүн мектептин жанында турган. Камерага бир гана ракурс түшүп калган. Видеодон милиционер көргөн нерсенин бардыгын көрүүгө мүмкүн эмес. Балдар жолдон өтүү үчүн жолдун четинде турушкан. Биз чоң кишилердин да коопсуздугун камсыздайбыз да. Ошол учурда алар жолдон өтүп баратышкан", — деди Саркулов.

Анын айтымында, бул учурда эки микроавтобус жай келе жаткан, үчүнчүсү катуу келген. Инспектор аны токтотууга аракет кылган, бирок абал такыр башка жагына ооп, микроавтобустун айдоочусу алдын көрбөй калган.