Талант Исаев: ИИМге кайра кайтып келүүнү чечтим

Канатбек Исаев туура бир жыл мурда бир тууган иниси Канатбек Исаев камалгандан кийин кызматын тапшырган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Талантбек Исаев Ички иштер министрлигине кайрадан кайтып келет. Аталган маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү тастыктады.

Исаев туура бир жыл мурда ИИМдин адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын жетекчилигинен өз каалоосу менен кеткен. Ал бир тууган иниси Канатбек Исаев камалгандан кийин кызматын тапшырган болчу.

"Ички иштер министрлигине кайра келүү чечимин бир тууганым Канатбек Исаев үй камагына чыккандан кийин кабыл алдым. Кайсы кызматка барарым белгисиз, азырынча сунуш түшө элек. Былтыр кызматымды гана тапшырып, бирок органдан кеткен эмесмин", — деди Исаев.

Белгилей кетсек, Канатбек Исаев "Коррупция" беренеси жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деп камакка алынган. Анын биринчи кылмыш иши кыскартылып 18-июлда үй камагына чыгарылган. Экинчи иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Учурда Канатбек Исаев депутаттык ишин улантууда.