Эртең Бишкектин бир катар аймактары суусуз калат. Тизме

"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, сууну камдап алууга чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 4-октябрда, Бишкектин бир катар аймактарында саат 9:00дөн 17:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Батыш – 2" суу кампасында оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан таза суу берүү токтотулууда.

Андыктан темир жолу, Фучик, Фрунзе жана Манас көчөлөрүнүн аймагында суу жок болот. Андан тышкары, төмөнкү аймактарда суу болбойт:

— №31, 13, 9, 8, 2 мектептерде;

— № 3, 8, 22, 51, 72, 73, 164, 165, 167 бала бакчаларда;

— "Балдарды коргоо борбору";

— "Арпа" ААК;

— "Ош базары" ЖЧК;

— "Берекет-Гранд";

— "Берекет-Универсал", "Берекет", ЗАО "Берекет" ЖАК соода борборлору;

— Илимдер академиясы

— Улуттук банк;

— №2 клиникалык төрөт үйү;

— Бишкек троллейбус башкармалыгы;

— №1 шаардык клиникалык оорукана;

— Бишкекункомбинаты;

— Ленин райондук администрациясы;

— Бишкек финансы-экономикалык академиясы;

— "Кыял" бирикмеси;

— Кыргызстан эл аралык университети

— Батыш РЭС;

— Жаш Гвардия 59 дарегиндеги республикалык радиотелеборбор;

— Кыргызстан — Россия Славян университетинин медициналык факультети;

— Ленин райондук соту;

— №100 лицей;

— Мамлекетик тил боюнча улуттук комиссия;

— Кыргыз энциклопедиясы борборунда;

— "Бишкекбашкыархитектура" №2 Стоматология;

"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, сууну камдап алууга чакырат.