БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкектин бир катар бөлүгүндө 4-октябрь күнү жарык өчүрүлө турганын "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
09.30-19.00 — Саякбай Каралаев көчөсү, Дордой конушу, Ак-Бата конушундагы 9-11-көчөлөр;
09.30-18.00 — Фрунзе, Гоголь, Абдумомунов көчөлөрү;
09.30-19.00 — Көк-Жар конушунун Конорчок, Ой-Терскен көчөлөрү;
09.30-18.00 — Бейшеналиева, Чокморов, Москва, Махатма Ганди, Үмөталиев, Сыдыков, Шевченко, Турусбеков, Токтогул көчөлөрү;
09.30-18.00 — Мост көчөсү;
09.00-18.00 — Тынчтык конушу;
09.00-17.00 — Ак-Өргө конушундагы От-Араба, Үркөр, Ашар көчөлөрү, Лев Толстой менен Лущихин көчөлөрү;
09.30-17.00 — Серегин, Фучик, Кемин, Васильевский тракт, ЧЧК көчөлөрү.