Бейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү республиканын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +23…+28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +20…+25 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +25…+27, ордолуу Ош шаарында +26…+28 градус болору айтылды.