БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун судьялыгынан кетирилген Э.Ж. аттуу жаранга кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган, кызматтык жасалмалуулук кылган жана туура эмес сот өкүмүн чыгарган деп айыпталууда. 2016-жылы 5-июлда сот Жаркеева кыргызстандык А.Э. аттуу жарандын арызын жарандык ишти белгиленбеген тартипте каттоого албай караган.
"Иш сот өндүрүшүнүн нормаларын бузуу менен каралып, мыйзамсыз өкүм чыгарылган. Ал өз кезегинде менчик ээсинин алмашуусуна алып келген. Анын кесепетинен "С" ЖЧКсынын директору Ш.И. аттуу жарандын укугу менен кызыкчылыгына доо кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Свердлов райондук сотунун айрым кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, иштин сот Э.Ж. тарабынан каралышын камсыздашканы маалыматта белгиленет.
2018-жылы 3-апрелде Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, жарандык иш биринчи инстанциянын кайра кароосуна жөнөтүлгөн.