Соңку сегиз айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 235 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Таалайбек Алижанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай кылмыштар боюнча Чүй облусу алдыда турат.
"2018-жылдын 8 айына алынган маалыматтар боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 235 кылмыш иши катталды. Алсак Бишкек шаарында 39, Ош шаарында жети, Чүй облусунда 103, Нарын аймагында беш, Ош облусунда 39, Жалал-Абадда 27, Таласта 5, Баткенде 6 учур болду", — деди ал.
Таалайбек Алижанов зордук-зумбулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери маал-маалы менен жүрүп турарын кошумчалады.