Начар цемент колдонушкан! Транспорт министрлигинин өкүлдөрүнө иш козголду

Жол чарба департаментинин кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 166-беренелери (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Башкы прокуратура транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогонун кабарлады.

Билдирмеге караганда, Башкы прокуратура УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте "Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду" унаа жолун реконструкциялоо учурунда "Л.Х" ишканасы дренаждарды салууда мыйзам бузганын аныктаган.

"Жол чарба департаментинин жетекчилиги башка адамдар менен сүйлөшүп алып подрядчиктерге сульфатка туруктуу цементтин ордуна жөнөкөй цементти колдонууга уруксат берип койгон. Мындай нерсе жолдун тез бузулушуна алып келет. Ошол эле учурда жөнөкөй цемент колдонулган жерде оңдоп-түзөө иштери да жүргүзүлгөн эмес", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 166-беренелери (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.