Радио

Түлөбаев: мындан ары парктарга үйлөр салынбайт

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Бишкекти өнүктүрүү үчүн алгылыктуу иш аракеттер жүрүп баштаганын айтты.
Sputnik
Түлөбаев: мындан ары парктарга үйлөр салынбайт

Бишкек шаарында салынган мыйзамсыз имараттар бузулат. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындан ары мэрия тарабынан мыйзамсыз иштерге жол берилбейт.

"Бишкекте көптөгөн көйгөйлөр бар экен. Биз жаңы команда менен келип баарын кыйратып салабыз дегенден алыспыз, бирок шаардын маселелерин чечүүгө колдон келген аракетти жумшап жатабыз. Мындан ары парктарга үйлөр салынбайт. Көп кабаттуу үйдүн ордуна жер тамдар да курулбайт. Эми мыйзамсыз иштердин аткарылышына жол бербөөгө убада беребиз", — деди Түлөбаев.

Ал буга чейин бала бакчалар менен мектептердин ордуна салынып калган имараттар бузула турганын кошумчалады.