Коомдук активист Мавлян Аскарбеков акимдин орун басары болду

Аскарбеков буга чейин шаардын бийлигин сындап келгендердин бири.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Коомдук активист Мавлян Аскарбеков Биринчи Май районунун акиминин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ал турак жай-коммуналдык чарба тармагын тейлейт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-октябрда Жогорку сот Аскарбековго козголгон кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскарткан. Ал биринчи инстанциянын өкүмү менен ал эл алдында бийликти басып алууга чакырык таштады деп айыпталып, 50 миң сом айыпка жыгылган. Активист бул чечимди жогорку инстанцияга даттанган.