Кытайлык сүрөтчүнүн эмгеги 65,2 миллион долларга сатылды

"Июнь-октябрь 1985" аталышындагы сүрөт көлөмдүү келип, узуну 10 метр, туурасы 2,8 метрди түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кытайлык белгилүү сүрөтчү Чжао Уцзинин тарткан сүрөтүн Гонконгдогу аукциондо белгисиз жаран 65,2 миллион долларга сатып алганын "Известия" басылмасы жазды. 

Sotheby's аукцион үйүнүн маалымдашынча азиялык сүрөтчүлөрдүн эмгеги биринчи жолу эң кымбат сатылып жатат.

​"Июнь-октябрь 1985" аталышындагы сүрөт көлөмдүү келип, узуну 10 метр, туурасы 2,8 метрди түзөт. Ал Сингапурдагы Raffles City имаратынын кире беришин көрккө бөлөп турчу.

Аукциондун уюштуруучулары эң көп 45 миллион долларга сатабыз деп пландашкан. Бирок сунушталган сумма андан көп болуп чыкты.