Мектеп окуучулары күзгү каникулга качан тарай турганы айтылды

Кыргызстандын мектеп окуучулары сегиз күндүк каникулга тарайт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын күзгү каникулу тууралуу маалымат таратты.

Билдирмеге караганда, окуучулар 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин, жалпысынан сегиз күн эс алышат.