Чолпон-Атада 9 жашар баланы өлтүрүп, шаардын четине таштап кетишкен

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында белгисиз бирөөлөр 9 жашар баланы өлтүрүп, сөөгүн шаардын четине таштап кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

"Баланын сөөгү Чолпон-Ата шаарынын четиндеги тааладан алыс эмес жерде табылды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Алдын ала маалымат боюнча баланы муунтушкан. Тийиштүү сот-медициналык экспертиза дайындалды. Шектүү киши белгилүү болду", — деди булак.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмышкерлердин изине автоунаанун дөңгөлөгүнүн изи аркылуу чыгышкан. Булактын айтымында, шектүүлөр эртеңкиге чейин кармалышы ыктымал.