Бишкектин чок ортосунда микроавтобус оодарылып калды. Сүрөт

Алдын ала маалымат боюнча микроавтобусту Honda Accord үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда микроавтобус оодарылып калганын Бишкек ЖКККББдан кабарлашты. 

ДТП с грузовым микроавтобусом в Бишкеке

Буга чейин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя болгон жерден сүрөттөрдү WhatsApp каналы аркылуу жөнөткөн.

Жол кырсык кечки саат 19.30дар чамасында Фрунзе менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

ЖКККББдан маалымдашкандай, алдын ала маалымат боюнча микроавтобусту Honda Accord үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Жабыркагандар жок.

Учурда тактоо иштери аткарылууда. Унаалар айып короого киргизилди.