Бишкекте эки унаа кагышып жол белгисин талкалап кетти. Күбөнүн сүрөтү

Окуя борбор калаанын чок ортосунда эртең мененки саат 8.20лар чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкекте Toyota Avalon менен Lexus GX 470 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жол белгисин талкалап кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, окуянын сүрөттөрүн WhatsApp каналына жиберди.

1 / 3
Бишкекте Toyota Avalon менен Lexus GX 470 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жол белгисин талкалап кетти
2 / 3
Кырсык шейшемби күнү эртең мененки саат 8.20лар чамасында Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон
3 / 3
Бишкек ЖКККББ аталган даректе жол кырсыгы болгонун ырастап, эч ким жабыркабаганын маалымдады.

Анын айтымына караганда, кырсык шейшемби күнү эртең мененки саат 8.20лар чамасында Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бишкек ЖКККББ аталган даректе жол кырсыгы болгонун ырастап, эч ким жабыркабаганын маалымдады. Топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.