Бишкектин 29 көчөсүндө жарык болбойт. Тизме

Жарык оңдоо жана алдын алуу иштерине байланыштуу өчүрүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Эртең, 3-октябрда Бишкектин 29 көчөсүндө жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

— 09:00-15:00 — Арча-Бешик конушундагы Баба-Ата, Термечиков, Карельская көчөлөрү, Миң-Куш, Абдрахманов, Он-Арча, Кара-Коо, Сулу-Төр жана Ойсул-Ата көчөлөрү;

— 09:00-17:00 — Достук кичи району (№1/11 үйлөр), Көлмө конушундагы Ак-Кол, Козу-Баглан көчөлөрү;

— 09:00-18:30 — Жумабек көчөсү (№83 үй).

— 09:00-19:00 — "Дордой" конушу;

— 09:30-17:00 — "Жеңиш" конушу, "Касым" конушундагы Кубаныч, Аманат жана Салтанат көчөлөрү;

— 09:30-18:00 — Мост, Табалдиев көчөлөрү, Чоң-Арык айылындагы Самойленко көчөсү;

— 09:30-19:00 — 4-кичи райондогу №14-16, 14А, 14Б, 15Б, 22А үйлөр;

— 16:00-18:00 —Гагарин, Некрасов, Космос, Леваневского, Туюк, Ногин, Матыев, Чапаев, Красная көчөлөрү, Лагерный жана Яблочный туюк көчөлөрү.