Бир сом номиналындагы акча үч миң эсе кымбат сатылууда. Себеби

Бул банкноталар аз санда эле чыккандыктан коллекционерлер арасында жогору бааланат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Россиялык Nemiland интернет-аукционунда 1 сом номиналындагы купюра 2750 рублдан (2,9 миң сом) сатылууда.

Башкача айтканда бул банкнота өз наркынан үч миң эсе кымбат турат. Бир сомдун сериялык номери да өзгөчө, ал жарабай калган акчаларды алмаштыруу үчүн чыгарылгандыктан аз санда эле басылган. Андыктан коллекционерлер арасында жогору бааланат.

Буга чейин 1 тыйын интернет аукциондо 21 миң эсе кымбат сатыкка коюлган.