Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна салынчу сквердин эскизи

Сквердин алдына машина токтотуучу жай куруу пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна салына турчу сквердин болжолдуу эскизин көрсөттү.

1 / 8
Бишкек мэриясы Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна салына турчу сквердин болжолдуу эскизин көрсөттү
2 / 8
Эскиздин долбоору Бишкекбашкыархитектуранын жакшыртуу жана ландшаф бөлүмү тарабынан иштелип чыккан
3 / 8
Сквердин жалпы аянты 41 сотыхты түзөт
4 / 8
Ал Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат
5 / 8
Долбоорго ылайык, сквердин алдында машина токтотуучу жай орун алат
6 / 8
Скверге фонтан дагы коюлат
7 / 8
Бул болжолдуу гана долбоор. Ал шаардык кеңештеги архитекторлордун кароосуна милдеттүү түрдө коюлат
8 / 8
Мэрия шаардын борборунда жол кыймылын жеңилдетүү боюнча бардык аракеттерди көрөт

Эскиздин долбоору Бишкекбашкыархитектуранын жакшыртуу жана ландшаф бөлүмү тарабынан иштелип чыккан. Сквердин жалпы аянты 41 сотыхты түзөт.

Ал Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат. Долбоорго ылайык, сквердин алдында машина токтотуучу жай орун алат. Скверге фонтан дагы коюлат.

"Бул болжолдуу гана долбоор. Ал шаардык кеңештеги архитекторлордун кароосуна милдеттүү түрдө коюлат. Мэрия шаардын борборунда жол кыймылын жеңилдетүү боюнча бардык аракеттерди көрөт", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын мурдагы имараты 2010-жылы апрель окуяларында өрттөлүп, ошондон бери турат.