Суракматов Түштүк магистралда жыйын өткөрүп бир нече талаптарды койду

Мэр жыйында тургундардын көйгөйүн угуп, тийиштүү адамдарга тапшырмаларды берди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Түштүк магистралда көчмө жыйын өткөргөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Түштүк магистралда көчмө жыйын өткөргөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди
2 / 3
Калаа башчы Түштүк магистралдагы веложол жана аллеянын курулушун текшерди
3 / 3
Ал жайды куруу жана көрктөндүрүү ишине 56 миллион сом сарптоо пландалган. Курулуш иштерин ноябрь айынын башына чейин бүткөрүү каралган.

Калаа башчы Түштүк магистралдагы веложол жана аллеянын курулушун текшерди. Ал жайды куруу жана көрктөндүрүү ишине 56 миллион сом сарптоо пландалган. Курулуш иштерин ноябрь айынын башына чейин бүткөрүү каралган.

Маршруттук таксинин ээлери Суракматов менен жолугуп жол кирени көтөрүүнү сурады
Ошондой эле мэр Токтоналиев көчөсүндөгү арыктарды текшерип, көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып жашоочулар менен баарлашты.

Суракматов аларга короосундагы жер аянтын турак жайдын карамаганы берүү муктаждыгы жаралып жатканын белгилеп, үйбашыларын тегерек четти кармоого чакырды.

Мындан сырткары ал шаардыктардын нагизги эс алуу жайларынын бири болгон "Ата-Түрк" сейил багын жарыктандыруу жана сугаруу маселесин ыкчам чечүү талабын койду.